www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айлык көтөрүлдү, баа да тынымсыз өсүүдө

Бийлик тарапка шылтоо табылды, «Украинадагы абалдан улам кымбаттап» жатабыз деп. Мейли чет мамлекеттен келген товарлар кымбаттасын, анда эмне өзүбүздөн чыккан товарлар да көтөрүлүп жатат. Жок дегенде өзүбүздөн чыккан картошка, кумшекер кымбаттабаса элдин убалына калып.

ЕАЭБдин маалыматы боюнча Кыргызстан беш мамлекеттин куйругунда калган: Айлык боюнча 2022-жылдын алты айында Орусияда 3,0 пайызка, Белоруста 4,9 пайызка, Казакстанда 8,8 пайызка көтөрүлсө, Арменияда 0,3 пайызка, ал эми Кыргызстанда 2,1 пайызка төмөндөп кеткен. Керектөөчү товарларга баа Орусияда 6,1 пайызка, Белоруста 9,2 пайызка, Казакстанда 8,8 пайызка, Арменияда 6,7 пайызка өсүп кетсе, айлыгы төмөндөп бараткан Кыргызстанда барынан кымбаттап 11,9 пайызка көтөрүлгөн.

Бул эмнени түшүндүрөт, ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде баа көтөрүлгөн сайын айлык да көтөрүлүп жатса, Кыргызстанда баа да көтөрүлүп жатат, айлык болсо артка кетип баратат. Статистердин мониторинги боюнча мамлекетте кумшекерди баасы 1-майдан 1-июнга чейин 3,42 пайыз же болбосо 66,41 сомдон 68,68 сомго көтөрүлгөн. Былтыркыга салыштырмалуу 29,11 пайыз же 15,5 сомго өйдө болгон.

«Кыргыз Республикасынын ички соодасы жөнүндө» мыйзамдын 11-беренеси боюнча баа айына 20 жана андан көп эсе кымбаттаган мезгилде өкмөт мамлекеттик жөнгө салууну кийириш керек. Ооба, айына 20 пайыз кымбаттабаганы менен жылына 29 пайыз өстү. Кант кызылчасы өзүбүздөн чыгат. Кумшекердин өсүүсүн ооздуктап койо турган убак келди. Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берген.

Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилген. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды. Өлкөдө жайында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады. Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү.

Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. Өкмөт күйүүчү майды жана айрым социалдык маанилүү товарлардын баасын убактылуу тескөө боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Баасы тескелүүчү товарлардын тизмесинде:

• 1-сорттогу буудай уну;

• 1-сорттогу ундан жасалган нан;

• 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт;

• өсүмдүк майы;

• 72,5% майлуулуктан кем эмес каймак майлар;

• эт (уйдун жана койдун эти);

• кумшекер;

• ак күрүч;

• макарон;

• жумуртка;

• көмүр;

• Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик күйүүчү май;

• кысылган газ;

• жер семирткичтер;

• тоют (чөп жана жем) бар.

Ал эми жашылча-жемиштер, балык, чай, туз жана башка товарлар бул тизмеде жок. Токтом долбооруна ылайык, бааны тескөө социалдык зарыл товарлар 20% ашуун кымбаттаган учурда киргизилет. Азык-түлүк запасын түзүү максатында буудай сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд. сом, өсүмдүк майына жана кумшекерге 300 млн. сом бөлүнгөн. Буудайдын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгы бир жылга токтотулган.

Тыштан мал алып келүүгө да жыл аягына чейин кошумча нарк салыгын салбоо тууралуу чечим чыккан. Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташы 2022-жылдын жаз айында башталган. Адистер муну Украинадагы жаңжаалдын кесепеттери дешет. Кыргызстан учурда өзүн сүт азыктары, картошка жана жашылча-жемиш менен гана камсыздай алат. Бул тууралуу Монополияны тескөө агенттигинин жетекчиси божураган. Анын сөзүнө караганда, калган азык-түлүктөр негизинен Евразиялык экономикалык биримдиктен (ЕАЭБ) жана башка өлкөлөрдөн импорттолот.

Ал учурда кумшекер менен күйүүчү майдын наркы эл аралык биржада аныкталарын айтып, булардын баасына Монополияны тескөө агенттиги көзөмөл кыла албасын эскертти. Айрым эксперттер Кыргызстанга сырттан кумшекер ташуунун үстөмдүгү алдында жергиликтүү өндүрүш токтоп калганын айтып келишет. Алардын белгилөөсүндө ЕАЭБге мүчө Беларустан импорттолгон кумшекер жергиликтүү кызылчаны кайра иштетүүчү Кайыңды, Кант жана Кошой-Кант заводдорунун ишинин токтоосуна алып келген.

Учурда негизги азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8 пайызга өстү (2021-жылдын май -июнь айларын өткөн жылга салыштыргандагы баа). 2022-жылы, инфляциянын деңгээли жогору болгондуктан шаар жана айылда жашаган үй-бүлөлөрдүн 97 пайызы азык-түлүккө баа жогорулаганы чоң көйгөй экенин белгилешкен. Бул жагдай, пандемия жакырчылык жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир этип, экономикалык соккулар үй-бүлөлөрдүн кирешесин (киреше булактары азайганы) төмөндөткөнүнөн кабар берет.

Натыйжада, пандемия азык-түлүк сатылган базарларга (мисалы, товарды камсыздоодогу маселелер) түз таасир этпестен, калкка азык-түлүк жеткиликтүү болбой калды. Жогоруда айтылган кыйынчылык менен күрөшүү үчүн калктын 44 пайызы азык-түлүккө сарптаган каражатты кыскартты Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатат Президенттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык продуктулар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керек.

Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш: "Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өзүбүздүн өндүрүштүн эсебинен элди нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу азыктар менен болгону 40%, ал эми өсүмдүк майы менен 24% гана камсыз кыла алабыз", - деди президент.

Өлкө башчысы бул багыттагы көйгөйлөр катары агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруу, суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык сыяктуу мисалдарды келтирди. Кыргызстанда 2021-жылдагы кургакчылыктын айынан азык-түлүккө баа өскөн.

Расмий маалыматтарга ылайык быйылкы сугат суунун жетишсиздигинен буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарганы белгилүү болгон. Кризиске байланыштуу өкмөт Кытай жана Казакстан буудай бере турганын кабарлаган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөдө 2022-жылы азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8 пайызга кымбаттаган. Изилдөөдө мындан улам эл жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости