www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкекте кампадан ири өрт чыкты

Бишкек шаарына караштуу Ленин районун Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 30-июльга карган түнү, саат 03:45те түшкөн. Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине ӨКМнен жалпы 7 бөлүм, 1 суу ташуучу жана ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, Тез жардам кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды.

"Такталган маалыматка ылайык, өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости