www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Amnesty International уюму 2025-жылы Иранда 2159 адам өлүм жазасына тартылганын, бул 1981-жылдан бери эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди.
Аталган уюм былтыр жалпы дүйнө жүзүндө, Кытайды кошпогондо, 2707 адам өлүм жазасына тартылганын маалым кылды.
Эл аралык мунапыс уюму 2025-жылы Сауд Арабиясын, Кувейт, Египет, Йемен, Сингапур жана АКШдагы өлүм жазасын камтыган глобалдык көрсөткүч 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу үчтөн экиден ашык өскөнүн билдирди.
Эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, былтыр Сауд Арабиясында кеминде 356 адам өлүм жазасына тартылган, 2024-жылы 345 учур катталган. Кувейтте 17 адам, Египетте 23, Йеменде 51 адамга карата жогорку өкүм аткарылган. AI билдиргендей, АКШнын Флорида штатындагы 19 учурда кошкондо жалпы өлкөдөгү өлүм жазасынын саны 47ге жеткен, бул 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.