www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рак оорусун жеңип чыккан Бишкектик окуучу Карим Гаджиев демилге көтөрүп, өнөктөштөрү жана достору менен биргеликте Кыргызстандын Энелер күнүн (17-май) Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө узак мөөнөттүү дарыланып жаткан балдардын энелери үчүн өзгөчө жана унутулгус майрамга айландырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында Бишкек жана Сокулуктагы балдар чыгармачылык жамааттарынын, ыктыярчылардын катышуусунда майрамдык көрсөтүү уюштурулуп, балдарга белгилүү кинофильмдердин жана анимелердин каармандарынын образындагы “Благо Деятели” жаштар косплей-командасынын өкүлдөрүнөн турган косплейчилер келишти.
«Мен өзүм дагы бир кезде ооруканада узак убакыт жатып дарылангам. Ошондо мага сүйүктүү каармандарым келип калса деп абдан кыялданчумун, — дейт Карим. — Бул кыялымды Help the Children-SKD фонду, “Жашоого Үмүт” коомдук бирикмеси жана көптөгөн кайдыгер карабаган адамдар ишке ашырууга жардам беришти. Биз костюмдарды даярдап, оюндарды жана белектерди ойлоп таптык, репетиция өткөрдүк. Майрам күнү бир нече көңүл ачуучу аянтчаларды уюштурдук. Бул майрамга балдар, ата-энелер, дарыгерлер, “Үчүнчү миң жылдыктын психологиясы (П3000)” студенттик долбоорунун психологдору, визажисттер жана кичинекей бейтаптарга кубаныч тартуулап, алардын сакайып кетишине көмөк көрсөткөн бардык адамдар катышты. Энелерге жана балдарга белек берген демөөрчүлөргө өзгөчө ыраазычылык билдирем!»
Каримдин апасы, “Жашоого Үмүт” коомдук бирикмесинин мүчөсү Анастасия Гаджиеванын айтымында, мындай кайрымдуулук жана ыктыярчылык чынжыр реакциясы эч качан токтобошу керек. Анын пикиринде, адамдар бири-бирине турмуштагы оор кырдаалдарды жеңүүгө жардам бериши зарыл.
Майрамдын алкагында символикалык акция дагы өткөрүлдү — бардык катышуучулар тилектер жазылган кагаз учактарды асманга учурушту. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов эң негизги тилегин айтты: «Бул күн балдарга кубаныч жана жылмаюу, ата-энелерге болсо үмүт тартууласын!»
Белгилей кетсек, 18–27-май күндөрү Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жогорку башкаруу органы болгон Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясы өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча баяндама жасайт.
Баяндамада балдар онкологиясы саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленген. Чектелген ресурстарга карабастан, мамлекеттин саясий колдоосу, медицина кызматкерлеринин жан аябас эмгеги жана эл аралык кызматташтыктын аркасында акыркы жылдары олуттуу жетишкендиктерге жетишилди.
Акыркы он жыл ичинде онкологиялык жана гематологиялык оорулары бар балдарга мамлекеттик каржылоо 200 эседен ашык көбөйдү. Бул заманбап дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, колдоочу терапияны жакшыртууга, диагностика мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана жаңы дарылоо технологияларын киргизүүгө шарт түздү.
Жетишкендиктердин бири катары балдар онкологиясы жана гематологиясы боюнча алты улуттук клиникалык протоколдун киргизилишин айтууга болот. Алардын ичинде курч лимфобласттык лейкозду, Ходжкин лимфомасын, Ходжкин эмес лимфомаларды, нефробластоманы, ретинобластоманы жана гепатобластоманы дарылоо протоколдору бар.
Эгер 2014-жылы өлкөдө бир гана балдар онкологу иштеген болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай адистердин саны 12ге жетти. Бул кадрдык потенциалдын өсүшүн жана балдар онкологиясынын туруктуу профессионалдык мектебинин калыптанып жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле заманбап инфраструктура жана жогорку технологиялык дарылоо багыттары өнүгүүдө. 2024-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу балага сөөк чучугун аутотрансплантациялоо ийгиликтүү жүргүзүлүп, бул улуттук саламаттык сактоо системасы үчүн тарыхый окуя болду.
Мындан тышкары, аймактык инфраструктура дагы өнүгүп жатат. Ош шаарында 20 орундуу балдар онкологиясы бөлүмү ачылып, өлкөнүн түштүк аймактарындагы балдардын адистештирилген жардамга жетүүсү кыйла жакшырды.
Балдар онкологиясын аныктоо көрсөткүчтөрү дагы жогорулады. Эгер 2014-жылга чейин Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 120 балада онкологиялык оорулар аныкталса, учурда бул көрсөткүч 200дөн ашты. Бул оорунун көбөйгөнүн эмес, диагностика сапатынын жогорулаганын, дарыгерлердин сактыгынын артканын жана бейтаптарды каттоо системасынын өнүккөнүн көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы онкологиялык ооруларды жеңген балдардын жашоо сапатына жана узак мөөнөттүү өмүр сүрүшүнө көбүрөөк көңүл бурууда. Азыркы учурда өлкөдө сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча адистештирилген бөлүмдү түзүү, дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион куруу жана заманбап молекулярдык-генетикалык лабораторияны өнүктүрүү сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу диагностика менен дарылоонун сапатын кыйла жакшыртып, балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу жана гумандуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.