www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын полициясы нааразылык кыймылына тилектештигин билдирип, эл алдында жоолуктарын чечкен эки атактуу актрисаны камакка алганын The Times of Israel басылмасы билдирди.
Хенгаме Газиани менен Катаюн Рияхи алардын социалдык медиадагы "чагымчыл" билдирүүлөрү жана медиа ишмердүүлүгү боюнча тергөөгө байланыштуу прокуратурага чакырылгандан кийин кармалган. Бийликтин аракетин катуу сындаган Газиани “массалык баш аламандыктарды” колдогону жана оппозициялык маалымат каражаттары менен байланышканы үчүн камакка алынган.
52 жаштагы кино жылдызы буга чейин сот органдары тарабынан чакырылганын айтып, андан соң Instagram баракчасына хиджабын чечкен видеосун жарыялаган.
"Балким бул менин акыркы билдирүүм болот. Мындан ары кырдаал кандай болбосун, мен ар дайымкыдай эле акыркы демиме чейин иран эли менен болом", - деп 19-ноябрда жазган.
Ал эми 60 жаштагы актриса Рияхи кийинчерээк ушул эле иш боюнча камакка алынганы кабарланды. Кайрымдуулук иштери менен таанылган актриса сентябрда хиджаб кийбей Лондондун Эл аралык Иран телеканалына маек берген. Ал Махса Амини каза болгондон кийин Иранды каптаган нааразылык акцияларына тилектештигин билдирип, милдеттүү хиджабга каршы чыккан.
Mizan Online басылмасынын маалыматына караганда, Газиани социалдык медиада жарыяланган "чагымчыл" материал үчүн прокурорлор тарабынан чакырылган сегиз адамдын арасында болгон. Алардын арасында ирандык футболчу жана Тегеран командасынын футбол боюнча машыктыруучусу Яхья Голмохаммади да бар, ал Иран курама командасынын оюнчуларын «эзилген элдин үнүн бийликке жеткирбей жатасыңар» деп кескин сынга алган.
Булак: NazarNews.kg