www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда «Израилдин пайдасына тыңчылык кылган» деп айыпталган эки жаран дарга асылды. Бул тууралуу өлкөнүн сот системасына караштуу «Мизан» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Омид Бехзад жана Пуриа Сафват аттуу жарандарга чыгарылган өлүм жазасы 3-августта аткарылган.

Иран бийлиги алардын Израилдин чалгын кызматы — Моссад менен байланышта болуп, аскердик жана коопсуздук объектилерине байланыштуу маалыматтарды, сүрөттөрдү жана координаттарды өткөрүп бергенин билдирген.

«Мизан» агенттиги Бехзад айрым тиркемелерди, анын ичинде Google Maps колдонгонун моюнга алганын жазды. Ал эми Сафват Моссад менен түздөн-түз кызматташкан деп айыпталган, бирок анын күнөөсүнө байланыштуу кеңири далилдер жарыяланган эмес.

Укук коргоочу уюмдар Иран бийлигин айыпталуучулардан күнөөнү кыйноо жолу менен моюнга алдыруу жана сот процесстеринин адилетсиз өтүшү боюнча сындап келишет.

Маалыматтарга караганда, Иранда акыркы айларда тыңчылык жана саясий айыптар боюнча өлүм жазасына тартылгандардын саны көбөйгөн. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул иштердин бир бөлүгү боюнча тынчсыздануусун билдирүүдө.

Последние новости