www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аялдын өздүгү аныкталып, милицияга жеткирилди.
Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү Ж. Раимбеков көчөсүндө болгон.
Шектүү катары Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну аныкталып, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Аялдын айтымында, окуя болгон күнү курбусу менен үйүндө спирт ичимдигин ичип, андан кийин чыккан. Ал мас абалда болгондуктан «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкери менен болгон окуяны эстей албай турганын билдирген.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат.