www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда Бандар-Абас жай тургундары коронавирус жугузуп алган адамдар жаткан оорукананы  өртөгөнгө аракет кылышты. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 29-февраль күнү Иранда 10 адам коронавирус менен Бандер-Абес оорукансына жаткырылган. Бир канча мүнөттөн жергиликтүү тургундар имаратты өрттөгөнгө аракет кылышканы айтылды. 

Учурда жабыркагандар тууралуу Иран расмий маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 43кө жетсе, тумоону жуктуруп алгандардын саны 593 адамга жетти. 

Коронавирустан сутка ичинде эле тогуз киши каза болгон. Вирустун таралышы боюнча бул өлкө Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. Вирусту жуктургандардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президенти, саламаттык сактоо министринин орун басары жана беш парламент депутаты бар.

Эске сала кетсек, соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800 киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү Кытайга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости