www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши өлтүрүүгө айыпталган ирандык балбан Навид Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары жазды чыкты.

Басылманын маалыматында, Фарс провинциясынын юстиция башкармалыгына таянуу менен “Афкари бүгүн эртең менен соттук иш-чаралардан кийин өлүм жазасына тартылды” деп айтылат.

Эскерте кетсек, Навид Афкари Ирандын күрөш боюна чемпиону болгон. Ал 2018-жылы Ирандын түштүгүндөгү Ширазе шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларында киши өлтүрүүгө айыпталган. Бул иш эл аралык талкуу жараткан.

Белгилей кетсек, Афкаринин туугандары жана активисттер укук коргоо органдары аны кыйнап өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып келишет. Спортчунун адвокаты аны күнөөсү тууралуу эч кандай далил жок экенин билдирген. Бул тууралуу Ирандын сот системасы кыйноо боюнча айыптоолорду четке каккан.

Ал эми сентябрь айында АКШнын президентти Доналд Трамп Иранды спортчуга карата катаал өкүмдөн баш тартууга чакырган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости