www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Норвегиядагы Iran Human Rights укук коргоо тобу Иранда быйыл былтыркыга салыштырмалуу өлүм жазасына тартылгандардын саны эки эсе көбөйгөнүн маалым кылды.
Быйыл декабрь айынын башына чейин кеминде 1500 адам дарга асылган. Iran Human Rights 2024-жылы өлүм жазасына тартылган 975 учур болгонун эсептеп чыккан. Дагы башка укук коргоо уюмдары дагы ушундай санды айтышкан. Аталган укук коргоо уюму 2022-жылдан бери өлүм жазасы берилген учурлар кескин көбөйүп жатканын белгилеп келет.
Иран бийлиги буга байланыштуу статистиканы ачыкка чыгарбагандыктан, бул өлкөдө өлүм жазасына тартылгандардын так саны белгисиз.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Тегеранды бийлигин өлүм жазасын ишке ашырууну токтотууга, мораторий киргизүүгө, бара-бара андан баш тартууга чакырып келет.