www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Россия Украинага жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу журналисттердин Украина согуштан кийинки калыбына келтирүүдө Россия кандай роль ойнойт деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Ооба, бул маселени талкууладык. Алар жардам берет. Россия жардам берет. Россия Украинанын ийгиликке жетишин каалайт», — деди Трамп.
Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин Украинага жардам көрсөтүүгө, анын ичинде электр энергиясын жана башка ресурстарды төмөн баада жеткирүүгө даяр экенин билдирген.
Трамп бул маселени буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский менен да талкуулаганын кошумчалады.