www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандык адам укуктарын коргоочу жана 2023-жылкы Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 8-февралда анын адвокаты Мустафа Нили билдирди.

53 жаштагы активист айым “кылмыш жасоо максатында жыйындарга катышуу жана чагымчылдык уюштуруу” беренеси боюнча 6 жылга, ошондой эле “пропаганда жүргүзүү” айыбы менен 1,5 жылга соттолгон. Мындан тышкары, ал эркиндикке чыккандан кийин эки жыл бою өлкөдөн чыгуу укугунан ажыратылат.

Мохаммади 2025-жылдын 12-декабрында адам укуктары боюнча адвокат Хосров Аликордийдин элесине арналган иш-чара учурунда кармалган. 2-февралда ал ачкачылык жарыялаган. Адвокатынын айтымында, өкүм чыгарылардан бир нече күн мурда ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилген, бирок кийин кайра түрмөгө кайтарылган. Нили анын саламаттык абалын эске алып, убактылуу күрөө менен бошотулат деп үмүттөнөрүн билдирди.

Наргиз Мохаммади Ирандагы Адам укуктарын коргоо борборунун вице-президенти болуп эсептелет. Акыркы 20 жыл ичинде ал укук коргоо ишмердүүлүгү, журналисттик иштери жана бийликке каршы пикири үчүн Иран бийлиги тарабынан бир нече жолу камакка алынган. Жалпысынан ал 13 жолу кармалган.

Жаңы өкүмдү эсепке албаганда, мурда берилген жалпы камак мөөнөтү 31 жылды түзгөн, анын болжол менен 10 жылын ал буга чейин өтөп чыккан. 2021-жылы “мамлекетке каршы пропаганда” айыбы менен 2,5 жылга кесилип, 80 жолу камчы урууга өкүм кылынган. 2024-жылдын декабрында ал ден соолугуна байланыштуу убактылуу бошотулган эле.

Активисттин тарапташтарынын айтымында, камакта жүргөн жылдары ал бир нече жолу жүрөк оорусуна кабылып, 2022-жылы шашылыш операция жасалган. 2024-жылдын аягында анын сөөк ткандарында шишик табылып, кийин ал алынган.

Мухаммад Ходиев, Ташкен

Последние новости