www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети Улуттук илимдер академиясында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 

Иш-чарага комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева баштаган депутаттар Гулшаркан Култаева, Салтанат Аманова, Болот Сагынаев, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Кокулов катышып, академиянын окумуштуулар жамааты менен жолугушту. Жыйында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик тапшырык алкагында илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго катышуу, ошондой эле аларды аткаруудагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Возможно, это изображение текст

Алгач Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов баяндама жасап, мекемеде аткарылып жаткан иштер, илимий багыттар жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.

Талкуу учурунда депутат Салтанат Аманова илим жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына көңүл буруп, академиянын базасында техникалык парк түзүү маселеси эмне себептен ишке ашпай жаткандыгына кызыкты. Ал эми депутат Гулшаркан Култаева мамлекеттик тапшырык аркылуу 2023–2028-жылдарга бөлүнгөн каражаттардын толук өздөштүрүлбөй жатканына токтолуп, окумуштууларды ири мамлекеттик долбоорлорду даярдоого активдүү катышууга чакырды.

Анын айтымында, кен казуу, жол куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тобокелчиликтерди алдын ала изилдеген академиктердин илимий анализдерин милдеттүү түрдө эске алуу зарыл.

Возможно, это изображение толпа

Өз кезегинде депутат Болот Сагынаев Ысык-Көл облусундагы экологиялык маселелерге токтолуп, соңку мезгилде көл суусунун тартылып бара жаткан себептерин тактоо зарылдыгын белгиледи. Бул маселени колдогон депутат Сеидбек Атамбаев көлгө куйган сууларды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү сунушун билдирди.

Комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мамлекеттик тапшырмаларды ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды пайдалануунун кечеңдеши, календардык пландын так сакталбашы, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн практикалык натыйжаларынын жетишсиздиги сыяктуу бир катар маселелерди белгилеп өттү.

Нет описания фото.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан мекеменин басма борборуна заманбап жабдууларды сатып алууга каражат бөлүү, илимий кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Мындан тышкары, тармактык комитет А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына караштуу эки кабаттуу чарбалык имараттын учурдагы абалы менен таанышты. Депутаттар аталган имаратты Каржы министрлигинин карамагына өткөрүүгө каршы чыгып жаткан кызматкерлер менен жолугушуп, алардын жүйөлөрүн укту.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин маалыматына ылайык, аянты 0,53 гектарды түзгөн имарат 1982-жылы пайдаланууга берилип, ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Министрлер кабинети аталган мекемени жаңы, заманбап имаратка көчүрүүнү пландап жатканын, жер тилкеси жана каржылоо маселеси чечилгенин белгиледи.

Комитет мүчөлөрү чарбалык имараттын техникалык абалы менен таанышып, маселе боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

Возможно, это изображение текст

Последние новости