www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 30-январындагы №73-тескемесинин негизинде Лейлек районунун аймагында укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери район аймагындагы соода-сатык жайларында, базарларда, жеке ишканаларда жана билим берүү мекемелеринде иш алып барган жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Сурамжылоонун максаты — кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда бийлик өкүлдөрү тарабынан же башка кылмыштуу топтор тарабынан кысым көрсөтүү, акча талап кылуу фактыларынын, ошондой эле мектеп рекетинин учурларынын бар же жок экендигин аныктоо болуп саналат.

Бул иш-чара район аймагындагы жеке ишкерлерге жана мекемелерге шарт түзүү, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

Учурдагы күнгө карата район аймагында жалпы 551 сурамжылоо анкетасы толтурулуп, алардын жыйынтыгы боюнча эч кандай кысым көрсөтүү же акча талап кылуу фактылары аныкталган жок.

 

Последние новости