www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда эки жумадан бери уланган баш аламандык жана тополоңдор өлкөнү жарандык согушка түртүп коюшу мүмкүн. Бул окуяларды уюштуруучулардын максаты – чет өлкөлүк кийлигишүү үчүн шарт түзүү экенин Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани билдирген. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп буга жооп кылып: «Биз да ок атууга даярбыз», – дегенин басылмалар жазды.

Иран бийлиги айрым шаарларда абал турукташканын билдирип жатканы менен, кагылышуулар дагы эле уланып жатат. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Кум провинциясында эки коопсуздук кызматкери курман болгон. Керманшах шаарында башаламандык учурунда үч жаштагы кыз каза болду.

Тегеранда да кырдаал тынч эмес. 9-январдагы нааразылык учурунда 26 банк, ондон ашык мамлекеттик мекеме талкаланганы, ошондой эле 25 мечит өрттөлгөнү кабарланды. Өрт өчүрүүгө келген 48 техника зыянга учураган.

Ошол эле маалда чет элдик басылмалар Тегерандын алты ооруканасында, борбордогу окуялардан кийин, кеминде 200дөн ашуун адам көз жумганын жазып чыгышты.

Башаламандык 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Себеби катары улуттук валютанын кунунун түшүшү көрсөтүлүүдө. Бирок нааразылык кыймылы тез арада саясий ураандар менен коштолуп, курал колдонууга чейин жеткен.

Акыркы шахтын уулу Реза Пехлави нааразычылыкка чыккандарды колдоп, эл аралык жардамга үмүттөнүүгө чакырды. Иран жетекчилиги болсо мыйзамсыз аракеттерге катышкандар эң катуу жазага тартыларын эскертти.

Адистердин айтымында, кырдаал азырынча бийлик үчүн чечүүчү чекке жеткен жок, бирок аймактагы чыңалуу өсүүдө. Бул АКШ же Израил тарабынан Иранга каршы жаңы аскерий сокку урулушуна алып келүү коркунучун жаратат.

Последние новости