www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Маликов, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээллерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти.
Белгиленгендей, экинчи этап аркылуу 8 блоктон турган, 64 672 чарчы метрди түзгөн төмөндөгүдөй санда батирлер берилди:
1 бөлмөлүү - 360 батир;
2 бөлмөлүү - 432 батир;
3 бөлмөлүү - 288 батир.
Белгилей кетсек, долбоор 39 блоктон турган, жалпы 4 754 батирди камтыган турак жай комплексин курууну көздөйт. Буга чейин 986 батир жайгашкан 11 блок пайдаланууга берилген.
Экинчи этап пайдаланууга берилгенден кийин, тапшырылган батирлердин жалпы саны 2 066ны, ал эми курулуштун калган көлөмү 2 688 батирди түзөт.
Долбоор 2024-жылы старт алып, аны ишке ашыруунун болжолдуу наркы 4 млрд 166 млн сомду түзөт.