www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандагы согуш дүйнөлүк экономикалык жана энергетикалык олуттуу жоготууга учуратууда. «Reuters» анализине ылайык, мунай жана газ импортуна жогорку деңгээлде көз каранды болгон өлкөлөр эң чоң тобокелчиликтерге дуушар болууда. Айрыкча каржылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаңы өнүгүп келе жаткан экономикасы алсыз өлкөлөргө кыйын болууда.
Ал түгүл экономикасы бакубат Кытай, Германия, Италия, Англия, Япония дагы энергетикалык ресурстардын ири импорттук көзкарандылыгынан өндүрүш активдүүлүгүнүн төмөндөп, инфляция өсүүдө.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр – Индия, Түркия жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер – дагы олуттуу экономикалык басым алдында калды. Алар резервдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аргасыз болушууда.
Экономикасы алсыз өлкөлөр – Шри-Ланка, Пакистан жана Египет эң катуу сокку алууда. Бул өлкөлөрдө күйүүчү май жана азык-түлүк баасынын өсүшү, иш сааттарынын кыскарышы, валютанын наркынын төмөндөшү, туризм жана экспорт кирешесинин азайышы байкалды.