www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-февраль күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда 2026-жылдын 22-февралдан 23-февралга караган түн ичинде Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан уюлдук телефон саткан дүкөнүнүн ичинен белгисиз жарандар 65 000 (алтымыш беш миң) АКШ доллар акчасын уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган М.Н., 2001-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар Ош шаарында жана Бишкек шаарында из жашырып жүргөн жеринен кармалып, камакка алынды.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр уурдалган акчаны үчкө бөлүп алышып, акчанын жарымына Бишкек шаарында автоунаа сатып алып, калганын өз кызыкчылыктарына жумшап жибергендиги аныкталган.
Учурда Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.