www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Reuters” маалымат агенттиги Иранда бийликтин элдик толкундоолорду күч менен басуу аракети учурунда кеминде 2 миң киши каза тапканын жазды. Iran Human Rights уюму болсо алты миңден ашканын кабарлады. Ал эми Iran International каналынын маалымтына ылайык толкундоолор учурунда кайтыш болгондордун саны 12 миңге жеткен. 

BBC News күбөлөргө шилтеме берип Иранда интернет өчүрүлгөндөн кийин коопсуздук күчтөрү менен сакчылар корпусу өлкөнүн бардык аймактарында акцияга чыккандарга ок ачканын билдирди. 

Журналисттер баарлашкан жергиликтүү айрым тургундар Ирандагы чыныгы абал дүйнөгө белгисиз экенин, медиада курмандыктар тууралуу аз сан жазылып жатканын айтып берген.

Иранда элдик толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында нааразы тарап экономикалык кризиске - риалдын кескин арзандашына, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу талаптарды айтып чыккан. 

Интернет өчкөнгө чейин 120дай шаарга жайылган толкундоолордо кийинчерээк бийликке каршы ураандар жаңырып, 1979-жылы Ислам революциясында тактан оодарылган монархияны калыбына келтирүү талабы да коюла баштаган.

Последние новости