www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокатта 2 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондун аймагында ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын алдын алуу максатында «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 2 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын (анын ичинде бир ТОЗ-8) жана ок-дарыларын өткөрүп берди. Ошондой эле ээлери каза болгонуна байланыштуу 2 курал РИИБдин карамагына алынды. Сактоо жана каттоо эрежелерин бузган 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 9 000 сом айып салынды.
Белгилей кетсек, бул аракеттер жарандардын колундагы мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарга байланышкан кырсыктардын жана мыйзам бузуулардын алдын алууга өбөлгө болот.