www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ормуз кысыгына көз салып турган негизги байкоо түйүндөрүнүн биринен ажырады. 17-июлга караган түнү АКШнын соккулары өлкөнүн түштүгүндөгү болжол менен 90 аскердик объектке жасалып, алардын арасында Чабахар портунун деңиз кыймылын көзөмөлдөөчү мунарасы да болгон. Дал ушул мунара аркылуу дүйнөлүк мунайдын бештен бир бөлүгү өткөн Ормуз кысыгына кирип-чыккан кемелердин кыймылы көзөмөлдөнчү.

Чабахардын Эркин экономикалык аймагынын башчысы Мохаммад Саид Арбаби мунаранын талкаланганын ырастады. Ал эми АКШнын коргоо министри Пит Хегсет мунаранын экиге бөлүнүп кулап жатканын көрсөткөн видеокадрларды жарыялады.

Чабахар — Ирандын жалгыз терең суудагы океандык порту болуп саналат жана ал Ормуз кысыгын айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) бул порттун инфраструктурасын көп жылдан бери кеме кыймылын көзөмөлдөөдө жана танкерлерди кармоо операцияларында пайдаланып келген.

Мунара менен кошо Ооганстан жана Борбор Азияга багытталган транспорттук коридордун бир бөлүгү болгон Шахид Бехешти причалы да жабыркаганы маалымдалды.

Мунаранын кыйрашы порттун ишин толугу менен токтотпойт, бирок Тегерандын Ормуз кысыгынын аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө олуттуу сокку урат.

Последние новости