www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарып, экинчи жарым жылдыкка карата негизги милдеттерди белгилеген коллегия өткөрдү.

Министр Канатбек Чыныбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйынга министрликтин жетекчилиги, аймактык башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Министрдин орун басары Алмазбек Асановдун маалыматына ылайык, 2026-жылдын алты айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 учурга көп болду.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 24 адам каза тапкан.

Алты ай ичинде өлкө боюнча 1258 өрт жана 280 сел катталган. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 775 техника жана 4114 адам тартылып, 149 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Ошондой эле 1874 турак үйдүн короосу, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык-канал жана 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган.

Министрликтин маалыматына караганда, куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өздүк курамдын даярдыгын жогорулатуу боюнча иштердин натыйжасында жыл башынан бери ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 197 адам куткарылган.

Мындан тышкары, өлкө аймагында табигый кооптуу тилкелер боюнча 1322 мониторинг жүргүзүлүп, алдын алуу иш-чараларынын алкагында 5801 метр дамба жана 131 метр темир-бетон тосмо курулган. Натыйжада 1651 турак жай жана 875 гектар айыл чарба жери корголду.

Коллегияда министр Канатбек Чыныбаев жарандык коргонуу системасын чыңдоону, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү жана кырсыктарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн мындан ары да жакшыртууну тапшырды.

Ал адам өмүрүн сактоо министрликтин негизги артыкчылыгы экенин белгилеп, сууга чөгүү учурларын алдын алуу жана сел, жер көчкү коркунучу бар аймактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.

Жыйындын соңунда 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата негизги милдеттер бекитилип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Последние новости