www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жакынкы аралыкта россиялык кесиптеши Владимир Путин менен Сириядагы абалды талкуулоо үчүн жеке кездешүү өткөрөт. Бул тууралуу ирандык «IRNA» агенттиги маалымдады.

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Пезешкиандын Россияга бул жылдын соңуна чейин келиши пландалбагандыгын, бирок эгер жолугушуу уюштуруу керек болсо, аны тез убакытта пландоого болорун билдирген.

Буга чейин Путин иарндык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алар Сириядагы курчуган абалды талкуулашып, террордук топтордун ири кол салуусу өлкөнүн суверенитетине кедерги тийгизерин белгилешкен. Ошондой эле Россия менен Иран мамлекеттеринин түрдүү тармактар боюнча кызматташуусунун өнүгүүсү тууралуу да кеп козголгон.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Россия, Түркия, Иран жана Катардын өкүлдөрү Доха шаарында өтүүчү форумда Сириядагы абал боюнча жолугушуу уюштурушарын айткан.

Белгилей кетсек, сириялык куралдуу топтор, анын арасында «Хайат Тахрир аш-Шам» радикалдык тобу 27-ноябрда Алеппо шаарын басып алган. Бул аталган аймак боюнча 2020- жылдан берки олуттуу согуштук аракет болгондугу маалымдалды. Баскынчы топтун өкүлдөрү мындай кадамга бийлик армиясынын жана «Хезболла» баш болгон ага тарапташ эсептелген ирандык уюмдардын көп кайталанган чабуулдары себеп болгондугун билдиришкен.

Последние новости