www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Араван райондук ИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалды.
Тактап айтканда, 28-ноябрда УКМКга жаран Араван райондук ИИБсынын кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Аталган жарандан кылмышка шектелип Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө акча каражаты опузаланган.
Өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда. Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгиледи. Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылаарын айткан: «Силер милициянын формасын кийгенде, ошол формага татыктуу болушуңар керек», — деп өздүк курамга эскерткен.