www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президентти каза болду

Ош облусунун аймагында майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу аныкталып, алынды.

Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн КР мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости