www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оң рулдуу унааларга убактылуу мунапыс берүү сунушталды. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев менен Балбак Түлөбаев иштеп чыкты.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматында, 2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 873 миң 592 жеңил машина катталса, анын 127 миң 842си оң рулдуу болгон. Быйыл, 1-апрелге карата мындай автомобилдер жалпы көрсөткүчтө 15 пайызды (1 миллион 171 миң 454 жеңил автомобилдин 174 миң 826сы оң рулдуу) түздү.

Алар 9 жыл ичинде жалпы жол кырсактырынын 35 пайызына катышканы белгиленет.

Депутаттар 2015-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанга кирген оң рулдуу унааларды 31-декабрга чейин каттап алууга уруксат берүүнү демилгелейт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости