www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир уюлдуу дүйнөнүн доору аяктап баратат, ал эми АКШ болсо күндөн күнгө алсырап бара жатат. Бул тууралуу кечээ 29-апрелде Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи Палестина элин колдоого арналган Эл аралык Аль-Кудс күнүндө жасаган билдирүүсүндө айтты.

Анын айтымында, Украинадагы жаңжалды да ушул өңүттөн кароо керек.

Ал Иран өзүнүн кызыкчылыктарын жумшак жана катуу күч менен коргоого даяр болушу керектигин жана бул үчүн жаштар активдүү роль ойношу керектигин эскертти.

Ирандын лидери бүгүнкү күндө Аль-Кудсту мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон Аль-Акса мечитин денеси жана өмүрү менен коргоп жаткандар башкаларга дем берип жатканын белгилеп, Палестинанын улуу күрөшү Аллахтын жардамы менен акыркы жыйынтыгына жакындап калганын билдирди.

 Ал Палестина эли эзүүчүлөргө эрдик менен туруштук берерин жана мындан ары да ага каршы тура берерин мурдагыдан да көбүрөөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Израилдин негизги колдоочусу болгон АКШ өздөрү утулуп жатат: Ооганстандагы согушта, Иранга максималдуу кысым жасоо саясатында, саясий аренада, Азия державаларынын алдында жеңилүү, дүйнөнү экономикалык жактан көзөмөлгө алууда, ошондой эле өзүнүн ички башкаруусунда.

“Иран Палестинанын каршылык көрсөтүү фронтунун колдоочусу жана тарапташы болгон жана мындан ары да боло берет”, - деди Хаменеи.

“Биз бул жөнүндө дайыма айтып келебиз, иш жүзүндө аны жактайбыз жана талап кылабыз. Биз Тель-Авивдин шарты менен мамилелерди жакшыртууга аракет кылган чыккынчы кыймылдарды жана баш ийүү саясатын айыптайбыз”, - деди Хаменеи.

Мындан тышкары, ал АКШны Палестина маселесин тез арада чечүүгө чакырган бир катар араб өкмөттөрүнүн саясаты тууралуу да айтып өттү.

“Биринчиден, алар чыккынчылык кылып, араб дүйнөсүн уят кылышты. Экинчиден, алар аңкоолук кылышты, анткени сокур адам башка сокурга жардам бере албайт”, - деп сөзүн жыйынтыктады Ирандын руханий лидери.

Белгилей кетсек, Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет.

Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иранда жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости