www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада 22 жаштагы америкалык жаран көз жумду

АКШнын 22 жаштагы жараны Вилли Джозеф Кансел Украинада украин аскерлери тарабында болгон салгылашууда каза болгонун 29-апрелде маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Канселдин апасы Ребекка Кабрера CNN телеканалына анын уулу февраль айында Теннессидеги түзөтүү кызматынын кызматкери болгондон кийин жеке аскердик компанияга жумушка алынганын айтты.

Украинада согуш башталганда ал согушууга макул болгон. Анын айтымында, Канселдин сөөгү табыла элек. Кансел — Нью-Йорктун Ориндж округунун тургуну. Кансел Украинадагы согуш учурунда каза болгон биринчи АКШ жараны. «Fox News» телеканалынын маалыматына караганда, анын артында жубайы жана 7 айлык уулу калды.

«Бул абдан өкүнүчтүү. Анын артында кичинекей баласы калды», - деди жума күнү АКШ президенти Джо Байден Ак үйдө.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысынын биринчи орун басары Жалин Портер журналисттерге бул жаңылыктан кабардар экенин, бирок купуялуулукка байланыштуу комментарий бере албастыгын айтты.

Ал ошондой эле АКШ жарандарын куралдуу кагылышуу учурунда Украинага барбоого жана америкалык жарандар коммерциялык же жеке жер үстүндөгү транспорттордун жардамы менен коопсуз болсо, Украинадан дароо чыгып кетүүгө үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости