www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Жогорку соту Борбордук чалгындоо агенттигине (ЦРУ) генерал Касем Сулейманинин жайгашкан жерин кабарлаган адамды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сот 2020-жылдын январь айынын башында Махмуд Мусави Мадждын Пентагондун атайын операциясында каза болгон генерал Касем Сулейманинин жайгашкан жери тууралуу маалыматты АКШга бергендигин аныктаган.

Иран сот бийлигинин спикери Голям Хоссейн Исмаилинин айтымында, Мажд Борбордук чалгындоо агенттиги (ЦРУ) жана Израилдин чалгындоо кызматы менен байланышкан. Ал Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунуна жана айрыкча генерал Сулейманиге тыңчылык кылган. 

Эске сала кетсек, жыл башында Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

Тегеран Вашингтондон өч алаарын жарыялаган жана АКШнын Ирактагы эки аскер базасына баллистикалык ракета менен сокку урган. Жаңжал курчуган маалда – 8-январда Тегерандан Киевди көздөй жол тарткан жүргүнчү учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйраган. Каргашада 176 адамдын өмүрү кыйылган. Иран бул окуядан төрт күндөн кийин учакты кокусунан атып алганын ырастаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости