www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилиги алдында өлкөнүн ири гидроэлектр станцияларында пландуу оңдоо иштери жана энергетикалык жабдууларды модернизациялоо улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чаралар энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого жана энергообъекттерди алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоого багытталган.
Бүгүнкү күндө Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Күрп-сай гидроэлектр станцияларында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
Таш-Көмүр ГЭСинде №3 гидроагрегатты, күч трансформаторлорун жана жогорку чыңалуудагы жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана коммутациялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү аткарылууда.
Адистердин айтымында, бул иштер жабдуулардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатып, эң жогорку жүктөм маалындагы технологиялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
Шамалды-Сай ГЭСинде №1 трансформаторду жана жогорку чыңалуудагы өчүргүчтү пландуу оңдоо иштери уланууда.
Бардык иштер электр энергиясын керектөөчүлөргө чектөө киргизбестен, штаттык режимде жүргүзүлүп жатат.
Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Комплекстүү модернизациянын натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу ырааттуу түрдө өсүп жатат. 2025-жылы №3 жана №4 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка чейин жогорулады. Учурдагы этапта №1 жана №2 гидроагрегаттар жаңылангандан кийин орнотулган кубаттуулук 216 МВтка жетет. Бул кошумча 18 МВт кубаттуулуктун көбөйүшүн камсыздайт. Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды параллелдик реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын жаңылоодо маанилүү этап болуп саналат жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатка, жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөргө, ажыраткычтарга жана 110 кВ “Кызыл-Рават-1” электр берүү линиясындагы жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, станциянын туруктуу жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылган жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары да тейленүүдө.
Учурдагы оңдоо кампаниясынын негизги багыттарынын бири Курпсай ГЭСиндеги модернизациялоо иштерине туура келет.
Станцияда кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформаторлор заманбап жана кубаттуулугу 125 000 кВА болгон автотрансформаторлорго алмаштырылууда. Бул долбоорду ишке ашыруу жабдуулардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, энергетикалык системанын туруктуулугун бекемдөөгө жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга шарт түзөт.
Мындан тышкары Күрп-Сай ГЭСинде көмөкчордондогу жабдууларды комплекстүү жаңылоо алкагында жогорку чыңалуудагы ажыраткычты оңдоо иштери жүрүүдө.
Жалпысынан, жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана модернизациялоо иштери энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатууга, гидроэлектр станцияларынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга жана өлкө боюнча керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.