www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин РИИБге И. Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Б. Э. жана М. Н. аттуу жарандарга чара көрүүнү суранган. Арызда көрсөтүлгөндөй, аталган жарандар арматураны сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен жаран Ю. И. жетектеген ОсООго таандык арматураны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Келтирилген материалдык зыян 2 400 000 сомду түзөт.

Аталган факты боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган Б. Э. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле биринчи шектүү М. Н. 2026-жылдын 15-январында кармалып, учурда камакта экенин маалымдайбыз.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости