www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Нарын» рестораны – ордо калаанын чок ортосундагы совет доорунан калган маданий жайлардын бири. Акаев бийлигинен тарта анын айланасында көп жылдардан бери талаш-тартыш болуп келет. Бишкек мэриясы тарыхый маанисин жоготту деген шылтоо менен, маданий макамынан ажыратып, аны бузуу чечимине келишиптир. Мунун артында дагы кимдин кызыкчылыгы турат? Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Чет өлкөлүк архитекторлор да, жергиликтүү адистер да жалпы наркы 5 млн долларга бааланган «Нарын» ресторанынын имаратын оӊдосо боло турганын айтууда. Тилекке каршы, ага жеке кызыкчылыгы бар тараптар кулак каккысы келбейт. Менимче, совет доорунан калган бул тарыхый жана маданий имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүп, Жаштар ордосуна айландыруу керек. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, туура чечим кабыл алууга тийиш», - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости