www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркутск шаарында 22 жаштагы Айзирек дайынсыз жоголду. Полиция аны издөөгө алды. Бул тууралуу Нургазы Аматовдун маалыматына шилтеме менен жергиликтүү кабарчыбыз Камчыбек Бостон билдирди.

Орусиянын Иркутск шаарында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны Рахман Кызы Айзирек изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ИИМинин Иркутск облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү жергиликтүү полиция бөлүмүнө Рахман Кызы Айзиректин дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Кыз Иркутск шаарында Карл Либкнехт көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган.

"Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү кара. Ошол күнү көк түстөгү жолук, жашыл түстөгү куртка, куртканын ичинен кара кофта, кара юбка, ак бут кийим кийип жүргөн" Эгер Рахман Кызы Айзирек көрүп-билгендер болсо, (3952) 21-69-40, 89246387400, 21-64-64 же 02 телефон номурлары аркылуу "Иркутское" полиция бөлүмүнө кабарлап койсоңуздар. 08:23 23-05-2017

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Иркутск шаары

 

Последние новости