www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев бийликти өткөрүп бергенден кийин өзүн экс-президенттен оолак тутуп, учурдагы бийликтин этегин кармап кеткен КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов спикер болбой калгандан тарта ичи муздап калды.

Спикерлик кызмат үчүн Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматтан шыпырып түшкөнгө чоң салым кошуп, бирок көксөгөнүнө жетпей калып эми сындоого өттү.

Азырынча президентке тиш салганга даабай, өкмөттү: «Жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл. Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сурулуп калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды», – деп күпүлдөп.

Өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жок экенин, ошондон улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатканын кошумчалады.

Булак: "Фабула"

Последние новости