www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Юстиция министри болуп элге эч эле билинбей, жогорку жактагылардын “куурчагындай” болуп иштеп жаткан Уран Ахмедовдун катуу уяткарды.

Аталган министрлик демилгелеп чыккан мыйзам долбоорунун катасы көп, эрежеге туура келбегендиктен Иса мырзага такыр жаккан эмес.

Андыктан, ал: “Бул эмне деген мыйзам, мыйзам деген так жана түшүнүктүү болуш керек. Силер ЖОЖдо ушул үчүн окуттуңар беле?” – деп кесиптеши КСДПчы Канат Керезбековдон сураганда, ал “Эми мен баарына күнөөлүү болуп калдым”­деп тамашалады.

Андан соң, лидер: “Кыязы, биздин министр юстиция университетте 2ге окуган окшойт” – деп катуу айтты. Туура, айтчу сөздү ушинтип эле айтыш керек. Япониядан билим алып келди, укмуш билимдүү деген министрдин деңгээли ушул болсо, анда билимдүүлөргө жыргаптырбыз. Ал Керезбековго да бекеринен кеп салган жок. 

Булак: "Чагылган"

Последние новости