www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Өмүркулов министр Чодуевди катуу сынга алды...

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгени мекеменин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой жатканын баса белгиледи.

«Баланча гектар жерден түкүнчө картошка алынды, түкүнчө жерден баланча буудай алынды дейт, бул министрдин жасай турган жумушу эмес да. Министрлик биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Эгерде коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабыла турган болсо, азык-түлүк тартыштыгы башталат, анан силердин кандай иштегениңерди көрөбүз», - деди ал.

Депутаттын пикиринде, Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш. "Мына ошондо жалпы журтка, анын ичинде атамекендик өндүрүүчүлөргө чындап кам көргөн болобуз. Деги, силердин талдоо борборунар эмне жумуш кылат?", - деп кошумчалады Иса Өмүркулов.

«Ырас, айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп. Менин министр болуп иштегениме 9 ай эле болду, буюрса жакшы натыйжалар болот», - деген жообун берди министр.

Последние новости