www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Иса Шейшенкулович, айрым депутаттарда коалициянын жыйынынын протоколу жүрөт, Жыйында эмне маселе каралды?

- Коалициянын жыйыны болгон жок. Жыйын болбосо, кайдагы протокол? Жыйын болсо, мен билмекмин да.

- Депутат Абдылдаев сизге карата «коалициядан чык, коалиция тарасын, өкмөт отставкага кетсин» деп жатат...

- Коалицияны таратууга азыр эч кандай негиз жок. Биргеликте иш жүрүп жатат.

- Парламенттик шайлоого катышасызбы жана кайсы партиянын катарында?

- Азырынча бул тууралуу ойлоно да элекмин. Пландар жок. Шайлоого чейин дагы убакыт бар. Мен үчүн баарынан өлкөнүн туруктуулугу маанилүү. Күздө өтчү шайлоо өтө маанилүү саясий окуя. Жаңы парламент, ага жаңы депутаттарды шайлайбыз. Шайлоону тынч, мыйзамдуу өткөрүп алууга тилектешмин.

Ал эми өзүмдүн жеке пландарымды да азырынча билбей турам, чечим кабыл ала элекмин. Убакыт жакындай берсин, көрөбүз. Азыр болсо КСДП фракциясынын лидери катары, депутат катары ишмердигимди улантып жатам. Аягына чейин лидер бойдон калам.

- КСДП шайлоого барабы?

- Шайлоо жакындай берсин, убакыт көргөзөт...

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости