www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, соттук өндүрүшкө берилгени жатканын УКМК маалым кылды.
Учурда айыпталуучулар жана алардын адвокаттары иш менен таанышып жатышат. Алар таанышып бүткөндөн кийин иш сотко жиберилет. УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, тергөөдө Канатбек Исаев кылмыш дүйнөсүн жана бийлик органдарындагы тааныштарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөнү аныкталган.
Тергөө маалыматтарына ылайык, алар президенттикшайлоо күнү добуш берүү аяктаган соң жапырт башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.
Исаевге Кьшмыш-жаза кодексинин 27-статьясы ("Кылмышка даярдануу"), 233-статьясы ("Калайман башаламандык") жана 295-статьясы ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") боюнча иш козгогон.
Булак: Фабула