www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, экс-коргоо министри Исмаил Исаков Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында ал эки жамандыктын кичүүсүн тандоо керектигин белгиледи.

Анын айтымында, чек арада жаңжал чыгып кетсе, өлкөнү коргоого Кыргызстанда курал-жарактар жетишсиз.

«Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн, мени башка тарапка өтүп кетти деп, бирок андай эмес. Мен мамлекетти ойлоп жатам», - деген Исаков Өзбекстандын Анжиян облусу калктын жыштыгы боюнча дүйнөдө 3-орунда экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости