www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-сентябрда Исфанада мэр шайлоо өтөт. Буга байланыштуу жаңы мэрди шайлоонун шайтан оюндары башталууда. Бул орунга КСДПдан аттанып жаткан Абдували Хамраев “мен Асылбек Жээнбеков менен курсташмын, Бишкекке барып аны менен сүйлөшүп келдим, мени колдойсуңар” деп,президенттин инисинин атын колдонуп шаардык кеңештин депутаттарынын кулагын бурап жатканы маалым болду. Айтымында, алар 1986-жылы айыл-чарба институтунун агрофакультетинде чогуу окушкан экен. Өздук булактардан тактаганыбызда Асылбек Жээнбековдун бул ишке катыштыгы жоктугу, мэрликке талапкер бир кездери аны менен бир курста окуп калган фактысын өз кызыкчылыгына пайдаланып, манипуляциялоого аракет кылып жатканын билдиришти.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрагасынын (А.Атамбаевдин) орун басары Мурадыл Мадеминов партиянын Лейлек районундагы координатору Салимбек Умаровго “кандай болбосун А.Хамраевди мэрликке өткөрөсүңөр”деген тапшырма берген. Умаров менен Исфанадагы өзбек улутунун лидери (Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчисинин орун басары) Шухрат Камалов экөө шаардык кеңештин депутаттарын ар тараптан тооруп, алданчусун алдап, корко турганын коркутуп жатышканы айтылууда. Башка талапкерлердин бул шайлоого тең укукта катышуу жана ак ниет атаандашуу мүмкүнчүлүгү одоно түрдө чектелип жатканы маалымдалууда.
Алсак Исфана шаардык кеңешинде 4 фракция бар: КСДП – 15, “Республика-Атажурт” – 8, “Өнүгүү-Прогресс” – 6 жана “Ата-Мекен” 2 депутаттык орунга ээ. Депутаттардын арасында кыргыз-өзбек деп бөлүнүү күч, өзгөчө кызмат бөлүштүрүү, шайлоо учурларында.
Шухрат Камалов өзүн жергиликтүү өзбектердин лидери катары санайт. Ал жөнүндө ММКда наркобарон жана жикчил Кадыржан Батыровдун жакын санаалашы катары көп айтылат. Камалов, ошондой эле, бир кездери белгилүү жана легендарлуу шопур-саясатчынын ишенимдүү кишиси катары да белгилүү болуп калган. Шухрат Камаловдун уулу Зафар Кундузов шаарда вице-мэр болуп иштейт, бул орунга атасынын (анын үстүндөгү Илмияновдун) таасири менен келген.
Жакында Исфана шаарынын мэри Абдилмухтар Анарботоев кызматын тапшырып кеткен. Ал мэрлик орунга мурунку бийлик тушунда айтылуу шопур Икрамжан Илмияновдун досу катары келип отурган болчу. Бирок, бир кезде асман-айды чапчып кутурган Илмиянов тагдырдын тамашасы менен элге батпай калганда Анарботоев да ордун тапшырууга аргасыз болду.
Булак: NazarNews.kg