www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Редакциябыга телефон чалып, №2 төрөт үйүнүн дарыгерлерине иш учурунда коронавирус жуктуруп алгандарга берилчү компенсация адилеттүү бөлүнбөгөнүн айтып, нааразычылыгын билдиришти. Тагыраагы, компенсацияны коронавирус менен күрөшүүдө күнү-түнү кызыл зонада иштеп, бир эмес, эки өпкөсүн жабыркатып, өзүнө араң келип, бир жарым ай ооруканада жатып, эми ишке чыга баштагандар эмес, тескерисинче сыртта иштеп ПЦР анализи оң (положительный) чыккан дарыгерилер алышыптыр. Ошончо азап тартып, ары барып бери келген, кызыл зонада иштеген дарыгерлердин ПЦР анализи отрецательный чыгып, эки өпкөсү жабыркаганына карабай компенсация берилбептир.
ПЦР анализдер туура эмес көрсөтөт деп алып, кайра илдет менен күрөшкөн ак халатчандарыбызга компенсация берүүнү ПЦР анализ менен аныкталганы кызык болуп жатат. Эгер ак халатчандарга мындай адилетсиз мамиле улана берсе, коронавирустун экинчи толкунунда адилетсиз мамилеге туш болгон дарыгерлер баштагыдай иштебей койсо, эмне болот.
Алар да биздин да жашагыбыз келет. Ары барып, бери келгенде дагы мамлекеттин колдоосун көргөн эмеспиз деген доомат койсо эмне кылабыз.
Урматтуу Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров, Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биз сиздерди жооптуу кызматтарга адилеттүүлүктү орнотуу үчүн келген, баарынан адилеттүүлүктү жогору коёт деп ишенебиз. Компенсация берүүнүн критерийлерин карап чыгып, чыныгы жабыркап, ары барып, бери келген ак халатчандардын эмгегин эске алат, компенсацияны адилеттүү бөлүштүрөт, элди торуган илдет менен жанын аябай күрөшүп, бир канча энелердин, балдардын өмүрүн алып калган ак халатчандардын эмгегин жолго таштабайт деп ишенебиз.
Ошондой эле №2 төрөт үйүнөн илдет жугузуп каза болгон жогорку категориядагы врач менен акушердин өлүмүнө да кайдыгер карабайт деп ишенгибиз келет.
Бул ишти көз жаздымда калтырбай чечип, компенсацияны адилеттүү бөлүштүрөт деген үмүттөбүз дешти.
Булак: NazarNews.kg