www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз транспорт прокуратурасы Бишкек-Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын №9 жол оңдоо ишканасын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, 2017-жылы аталган ишкана Бишкек-Ош жолунун 132-138-чакырымдарында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзгөн. Анын документтеги сметалык баасы 24 миллион 345 миң деп жазылган. №9 жол оңдоо ишканасынын кызмат адамдары жалдануучу фирмалар менен өз ара келишип алып, жол-курулуш эрежелерин сактабай, жогорулатылган баада асфальт төшөгөн.

Иш жүзүндө долбоордо жазылгандан "449 тонна асфальт төшөлбөй калган" деп айтылат Башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле мыйзамсыз иштерди жаап-жашыруу максатында жол оңдоо иштерине экспертиза жүргүзүлбөгөнү, бул иштерден мамлекетке 1 миллион 219 миң сом зыян келтирилгени кошумчаланган.

Транспорт прокуратурасы жол оңдоо иштерине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 166 (алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости