www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тажиктерге деле согуштун зарылчылыгы болбосо керек. Абалды жөнгө салуу үчүн Москванын жардамы керек...», - деди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев.

- Исхак Апсаматович, чек арадагы абалды кантип эпке келтиребиз?

- Оор, өтө оор жагдай жаралды. Өкмөт иштеш керек. Биз керектүү чечимдерди колдойбуз.

- Күчкө күч менен жооп бербей сүйлөшүү жолу менен чече алабызбы?

- Эми күч колдонбой чечилсе жакшы болмок эле. Алар согуш көргөн, кан көргөн 200 миңге жакын кишисин жоготкон эл. Аларга деле согуштун зарылчылыгы болбосо керек. Абалды жөнгө салуу үчүн Москванын жардамы керек...

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости