www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мындай мезгилде элдин биримдиги менен ынтымагы өтө маанилүү», - деди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине генерал Исмаил Исаков.
- Исмаил мырза, чек арадагы абалды жөнгө салыш үчүн эмне кылышыбыз керек? Айрымдар буларга кара күч менен жооп берип, согушка даярданыш керек. Болбосо бул маселе чечилбейт деген пикирин айтып жатышат го...
- Чек араны жөнгө салыш үчүн күч керек. Күчтү күч гана тааныйт. Андан башка, өнүккөн экономика, заманбап курал-жарак менен камсыз кылынган, даярдыктары жакшы аскерлер жана алардын профессионал командирлери, бардык тараптан камсыз боло турган бирдиктүү иш пландары болушу зарыл.
Ошондой эле мындай мезгилде элдин биримдиги менен ынтымагы өтө маанилүү. Өлкөдөгү мыйзамдуулук, адам укуктарын сактоо, 19 жаштагы балдарга күчүңдү көрсөтпөө аларды камабоо шарт. Андан башка мамлекеттик жетекчилердин туура саясаты, алардын коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери менен болгон мамилеси айта берсем чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн көп факторлор талап кылынат. Биз ушулардын үстүнөн комплекстүү иш алып бардыкпы?
Маселе ошондо. Чек ара коопсуздугун камсыз кылууда жана мамлекеттин коргонуу пландарын иштеп чыгууда жана аскердик кагылышууда жалпы операцияны башкарууда граждандык адамдардын кийлигишкени өлкөнүн трагедиясына алып келет. Бүгүн бизде Коргоо министри жана жалпы коргонуу боюнча пландарды түзгөн, аны ишке ашырууга милдеттүү генералдык штаб жана башка жетекчилер четте калганы көрүнүп турат. Бул биздин трагедиябыз.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.
Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.
Булак: NazarNews.kg