www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы чууга байланыштуу массалык камоолор боюнча өлкөнүнү тасирдүү аксакалдарына кайрылуу жасады. Өл өкүлүнүн кайрылуусу өзүнүн Facebook баракчасына жарыяланды.
"Апас Жумагулов. Медеткан Шеримкулов... Ушул эки инсанды эмне бириктирет?
Бир мезгилде иштешкен. Экөө тең Абсамат Масалиев жанында узонгулош болушкан десем адашпаймын, Апас байке Өкмөт Башчысы, Медет байке партиялык Борбордук Комитетте. Экөө жакында эң чоң сыйлыкка ээ болушту, - Президент Садыр Жапаров аксакалдарга Кыргыз Эл баатыры деген наам ыйгарды. Куттуктайбыз! 1989-1990 жылдары коммунисттер демократияга жол беришпейт, бийликтен кетсин деп бир топ жаштар, кечее эле партиялык кызматта иштеген, "демократ" Топчубек Тургуналиев баш болуп, жаш журналист Тынчтык Чоротегин төш болуп, аянтка чатырлады тигип, ачарчылык жарыялашкан.
Урматтуу аксакалдарга кайрылмакмын - айтылган иш аракеттер үчүн бирөөсүнү да камакка алгансыздарбы!?! Башка өлкөдөн жазылган ой үчүн сүйрөп келгенсиңерби? Эсимде андай жок.
Бүгүн 20 дан ашык балдарынарды негизсиз темир тордун ичине тыгып таштады, оор кылмышка шылтоолоп. Унчукпайсыңар аяш аталарым...
Мейли, Кемпир-Абад боюнча үнүңөрдү чыгарбадыңар, маселе оңой эмес. Бирок саясий кысымды айтып токтотсоңор болот. Сиздерди угушу мүмкүн...
Абсамат Масалиев аман болсо, четте турбайт эле...", - деп жазган Масалиев.
Белгилей кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.
Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.
Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.
Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев эки айга камалды
Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
26-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынып, бүгүн, 27-октябрда камакка алынды. Андан сырткары Марат Баязов 48 саатка камалды.
Ал эми 28-октябрда саясатчы Мамбетжунус Абылов 2022-жылдын 20-декабрына чейин камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg