www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакка алуулар:  Абыловдун үйү тинтүүгө алынды

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунан Азиза Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, үйүн тинтүүгө алып, «Ууланган Кумтөр»,  «ЖК Кумтөр» деген жазуусу бар DVD дисктерди алып кеткен.

24.kg басылмасына берген маалыматына караганда, Мамбетжунус Абылов үйүндө жок болгондуктан аны кармаган эмес. Бирок, үйүн тинтүүгө алганын аялы Абдирасуловага айтып берген.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-октябрда Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициячыл саясатчылар менен активисттердин жолугушуусунун чоо-жайын айтып берген.

Последние новости