www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өтө жаман иштер башталыптыр бүгүн. Жакынкы кошунабыздын куралдары биздин жерибизге, элибизге ок атууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

"Ошол эле заматта өлкөлөрдүн жетекчилери Ташкентте жылуу сүйлөшүүлөрдү жүрүзүп, бирин-бири ынтымакка, биримдикке чакырып... Кандай түшүнсө болот?!? 

Кошуна өлкөлөрдү уруштуруп башка бирөө пайда издейт. Тажик тарапты бир ири өлкөнүн башчылары колдосо, Кыргызстанды коргойбуз деп башкасы чыга калат. Турган иш.

Уруш жөнөкөй адамга керек эмес, урушта бийликти ээлеген кишилердин жетишпестигинен же кызыкчылыгынан болот. Өлкөдө маселе көбөйгөндө тышкы душман керек болуп калат.

Ачууга берилбей, эки эл тынчтыкка аракет кылса, ар бирөөсү өзүнүн короосун да бир аз тазалап кетсе.

Баса, кокустан АКШ же Батыш Европанын өкүлдөрү бизге жардам беребиз десе - түшүнүктүү болот.

Биздин "генарал" жетекчилерге өтүнүч, - ачууга берилип ашыкча сөздөрдү айтпай турсанар. Уруш талаш токтойт, айтылган сөз калат", - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости