www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай калмактарды тукум курут кылып кырып салгандан кийин чүрчүттөр казак-кыргыз менен чектешип калды. Ортодо чалкып жаткан Жунгария биротоло жок болду. Килтейген калмактарды кырып жоготкон чүрчүттөр казак-кыргыздарды көздөй жулуна баштады. Кыргыздын башында Эсенкул баатыр, казактын башында Абылай хан каптап келе жаткан кытайлыктарды тосуп чыгышты. Уруш бийик тоолордун мейкининин кучагына алган, чүрчүттөрдүн бирин өлтүрсө ону, онун өлтүрсө жүзү пайда болгон, кумурскадай жыбырап жер жайнаган калк экен. Алдына курт –пурт, өлгөн жоокерлердин эти менен тамактанган кытайлыктарды Эсенкул токтоткон. Эмне үчүн өлгөндөрдүн эти менен тамактанганын түшүндүрүп койолу, чүрчүттөр туруктуу, легалдуу армиясын эл сыяктуу эле дындыйта баккан. Тарптар менен күн көргөн кулдар менен кылмышкерлерден куралган топту ала жүрүшчү. Аларга курал беришчү эмес, бирөөлөр менен урушта куралы жок куурагандарды  алдыга салышчу экен. Ал кезде калмактарды кырышып, алардын көмүлбөй калган эттерине торсойо тоюп алышып, бул жер жуткурлар тың эле. Ошолордун мизин Эсенкулдар кайтарышкан. Кытайлар дагы каптаса оңбой каларын Эсенкул түшүнгөн. Кытайлыктар да калмактан ары тоонун аркасында өжөр, кылычы курч эл бар экенин түшүнгөн. Чүрчүттөр ошол бойдон кетишип, аны европалыктар басып алышып, өз арбайын согуп калышкан. Казак-кыргыздар жер талашып Абылай менен көп ирет чоң согуштар болуп кеткен.

 Калмактардан качып Анжиянга кирип кеткен кыргыздардын арасында Эсенкулдун чоң атасы  Маматкул да бар эле. Маматкул эл менен эл болуп, кийген калпагы жаан-чачында суу болуп отурса сарттар мазактайт. «Ээ Маматкул калпагыңды силкип алчы» дешип. «Калпагымды силкир убакта силкийм» дейт. Калпакты силкир убак келип калмактарга каршы чабуулду Маматкул баштап уулу Болот уланткан. Болоттун убагында Санчы сынчыга балдарын сындатып беш уулу тамак аңдыган «дөбөттөй» бир-бирине арсылдашып үргөндөн башка эч нерсеге жарабай калганын байкаган. Кийин алтын бешикке  ардактап өстүргөн Айдаркени саяктар сөз менен баш байгеге сайып жиберип саяк-сарбагыш чабышы болуп кетет. Алтын бешикке эмес, каухар бешикке жаткызса да мыктылар чыкпасын билип «Беш күрөң» деген ат алган. Ал эми Болотко алып берген Таалаке таркылдактан «Баш койкоң» Эсенкул туулуп,анын уулу «Ат качырбас боз айгыр»  Ниязбектен Ормон хан болгон. Куттуксейиттен Шамен.

Эсенкулдун Базаркул деген уулунан Сатылган Алыбек баатырды чычкак улактай өңөрүп келген. Сатылгандан Нарынбай жаш көчкүнүн алдында калбаса зор болмок, бир тууганы Адике манап тууралуу чоң романдар жазылган. Нарынбайдын уулу Султаке элүүгө толбой жаш кеткен. Андан Күлүйпа. Шамыркан деген мугалим бар эле, эчкини жалпайта чапкан черткиден. Бирөө аялын сабап жатса, моминтип эле чаппайбы деп, эчкисин чапса, эчкиси өлүп калыптыр. Ошол киши айтып калчу: «Бурул менден бир класс өйдө окуган, «эже» деп жүрөм. Бир күнү «эже» десем, апаң «өлүгүңдү көрөйүн, мунун бешигине Шербет жатса, андан эки жаш кичүү Бурулду «эже» дейт» деп. Бообек эл Күчүн дейт, Шербет менен Асанбай, Жолдошалы, Муктар болуп окушкан. Көбүнчө сыртта окуп көп бирге окубай калса керек. Шербет 6 жашынан, Бообек 8 жашынан кирсе керек. Шербет менен окуса да Бокең Бермет менен тең экен. Ошол Бообек накта манаптын баласы. Эсенкулдун Карасартынан. Атасы Самудинди энеси «Балбаным» деп койчу, көзү көрбөйт,келини Ажар калп эле чайнамыш болуп калчу экен: «Ой балбаным көп кесип бергенсиң го чайнап эле атат» дечү экен. Балбанынын досу Султакенин Бейшекеси. Бир ирет Бейшеке үйүнө келип калса, берерге аш таппай эшик алдында жаткан музоосун союп бергени аңыз болуп жүрөт. Накта Эсенкулдун балдары да...

Апамдын жетинчи атасы Маматкул бий.Кыргызды жылдызга теңеген Маматкулдун балдары, ал тууралуу кыргызда: “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо малы бар”-деген калган. Андан Болот. Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу Эсенкул баатыр болгон. Анын атагы менен бүткүл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Эсенкул балдарынын ичинен элге кеңири таанымалы Анардын алты уулу Ниязбек, Карасарт, Куттуксейит, Абдыраман, Шоорук, Кубат жана Каракыз энеден Базаркул, Назар. Бул экөөнү бириктирип “Отонтой” деп койот. Эсенкулдун балдарынын ар бири бир өзөн сууну ээлеп жаткан.

Эсенкул жоо сүрүп келсе, кул-кутандары туулуп өскөн Жунгариясын көздөй безип кетишиптир. Эсенкул үйүнө токтобой эле алардын артынан түшөт. Түн ичинде келсе бир топ кулдары алачык даярдап ичине кирип жатышыптыр, бир топ кулдары жөн эле жерге жатып уйкуга киришиптир. Эсенкул талаада жаткан кулдарынын башын алдырып салат: «Өз жанын бакпаган менин жанымды бакмак беле» деп, калгандарын айдап келет, ошолордон жети кул деген урук калган.

Султаке кызы Күлүйпа РСФСРдин, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, Нарын кантонундагы,  Алкым айылында 1926-жылы туулган.

Түпкү атасы манаптан.

Эсенкул баатыр тараптан,

Ормонханы эл баккан,

Базаркулу жер баккан.

Сатылганы чамынып,

Эл-журтуна алынып.

Боталы, Ботбай биригип,

Чоткара кошо илинип.

Албекке суратпай,

Өңөрүп келген улактай.

Нарынбайдай атасы,

Элдин тийип батасы.

Ак өргөөнү коюшкан,

Куда күткөн болуштан.

Султакеси султандай,

Колхозду кармап тутамдай.

Сөзү жок анын өтпөгөн,

Ферма болуп көктөгөн.

Султакенин бу кызы,

Энелердин нарктуусу,

Эл-журтуна барктуусу.

Кептин баркын баалаган,

Айтып койгон кошогу,

Аймактарга тараган.

Мейман тосуп, күн сайын,

Жүз күн чыдап жараган.

Он төрт бала өстүрүп,

Үй-бүлөсүн караган.

Конок тоссо сыйлаткан,

Кошок кошсо ыйлаткан.

Тукумун улап Султаке,

Рахима, Ишен, Чынар бар,

Көк тирешкен чынардай.

Кубат, Айна, Мелистер,

Чалкып жаткан деңиздей.

Хрущевден бата алган,

«Баатыр-эне» аталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости