www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн ЮНЕСКО 2026-жылдын 18–21-июнунда өтө турган Эл аралык Ысык-Көл форумуна расмий патронаж берди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий кайрылуусун ЮНЕСКОнун Башкы директоруна тапшырды.

Ошондой эле форумду колдоо маселеси министр Мирбек Мамбеталиев менен ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед Эль-Энани ортосундагы жолугушууда талкууланды.

ЮНЕСКОнун патронажынын берилиши — Эл аралык Ысык-Көл форумунун дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү диалог аянтчасы катары таанылгандыгынын ырастоосу болуп саналат.

Маалымат үчүн: Эл аралык Ысык-Көл форуму 1986-жылы улуу жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделип, адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, дүйнөлүк саясаттагы маданияттын орду жана интеллигенциянын тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоого арналган ачык интеллектуалдык аянтча болуп эсептелет.

 

Последние новости