www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-май күнү Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун катышуусунда ИИМдин жаңы Эксперттик-криминалистикалык кызматынын имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүнүн алкагында өтүп, Ички иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан санариптештирүү, техникалык кайра жабдуу жана заманбап укук коргоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча системалуу иштердин бир бөлүгү болду.
Эксперттик-криминалистикалык кызматты жаңылоо иштеринин жүрүшүндө кылмыштарды ачуунун натыйжалуулугун жана эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга багытталган заманбап технологиялык чечимдер жана криминалистикалык изилдөөлөрдүн алдыңкы ыкмалары киргизилди.
Жаңыланган имаратта молекулярдык генетика боюнча ДНК-лабораториясы, баңгизаттарды изилдөө лабораториясы, «ПОИСК» автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык системасы, ошондой эле «Сонда» автоматташтырылган дактилоскопиялык идентификациялык системасы жайгаштырылган.
Жалпы аянты 270 чарчы метрди түзгөн молекулярдык генетика лабораториясы бир убакта 20га чейин адистин иштөөсүнө ылайыкталган жана дүйнөдөгү алдыңкы илимий жана криминалистикалык борборлордо колдонулган GLP (Good Laboratory Practice) эл аралык стандартына ылайык уюштурулган.
Бул стандарттар лабораториялык мейкиндикти уюштуруудан жана стерилдүүлүктү сактоодон тартып, генетикалык маалыматтарды сактоого жана эксперттик корутундуларды даярдоого чейинки бардык этаптарда сапат менен коопсуздукту катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
Лаборатория дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн - QIAGEN (Германия) жана Thermo Fisher Scientific (АКШ) компанияларынын жогорку технологиялуу жабдуулары менен камсыздалып, изилдөөлөрдү жогорку тактыкта, ишенимдүүлүктө жана эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери ички иштер органдарынын эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары чыңдоого, иликтөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуудагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.